Академия манас
        Кыргыз Республикасынын “Манас” улуттук академиясынын демилгеси боюнча Кыргыз улуттук “Манас” театры менен биргеликте, бүгүн, 3-декабрда “Манас” улуттук академиясында Кыргызстанда биринчи жолу “Манасчылардын бүткүл республикалык кеңеши” өткөрүлдү.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, коомдук фонддун өкүлдөрү, ардактуу конок катары Россия Федерациясынын Саха (Якутия) Республикасындагы Арктика мамлекеттик маданият жана искусство институтунун өкүлдөрү жана манасчылар катышышты.
       “Манас” – көчмөн кыргыз элинин маданиятын, жашоосун жана мамлекеттүүлүккө, эгемендикке жетүү үчүн жумшаган күрөшүн баяндаган дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос. Ал эми манасчы – “Манас” эпосун сактап, жандуу баяндап, жайылтып келген жаратман адам. Манасчы улуу “Манас” сөзүн туу тутуп, укумдан тукумга өткөрүп, оозеки сактаган, мазмунун байытып, аны азыркы көлөмгө, көркөмдүк деңгээлге жеткирген өнөр ээси.
        Кыргызстандын бардык облустарынан келген манасчылар күн тартибинде манасчы деген ким жана анын айтуучулук жолу, азыркы манасчылардын коомдогу орду жана озуйпасы,өлкөнүн өнүгүүсүндөгү азыркы манасчылардын миссиясы тууралуу маселелерди талкуулашты.