Бүгүн, 22-ноябрда “Манас” улуттук академиясында 25-ноябрда боло турган Биринчи Элдик Курултайды утурлай, “Манас” эпосундагы курултай түшүнүгү” аттуу тегерек үстөл өткөрүлдү.Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР Президентинин кеңешчилери Бекбосун Бөрүбашев жана Чолпонбек Абыкеев, КР Президентинин Администрациясынан өкүлдөр чакырылган. Курултай боюнча баалуу ойлору менен бөлүшүү үчүн жана сыйлуу конок катары коомдук, мамлекеттик ишмерлер, Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жазуучулар, маданият кызматкерлери катышышты.
КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов курултай кыргыз элинин коомдук-саясий турмушунда өзгөчө орун алгандыгын баса белгиледи:-“Элдик Курултай улуттун экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө байланышкан маселелерди чечүүдө, улуттук коопсуздуктун сакталышында, жарандык коомду өнүктүрүү маселелеринде, идеологиялык иштерде эл менен мамлекеттик бийлик структурасынын ортосундагы көпүрө болууда орду чоң”.
Өткөрүлгөн жыйындын максаты — кыргыз турмушунун көркөм энциклопедиясы катары саналган “Манас” эпосунун мазмунунан мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуу, үлгүлүү формаларын алуу жана учурдун көйгөйлүү маселелерин талдоо.
Тегерек үстөлдө юридика илимдеринин доктору, КР Президентинин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев, филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиев жана “Манас” улуттук академиясынын президенти Талантаалы Бакчиев “Манас” эпосундагы курултай түшүнүгү, анын мааниси жана эпостогу турмуштук-аскердик жана бийлик жүргүзүүдөгү көйгөйлөрдүн элдик кеңештер аркылуу чечилиши тууралуу баяндамаларды окушту. Ал эми катышуучулар курултай тууралуу ойлорун ортого салышып, мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө элдик жыйындын орду чоң экендигине токтолушту.
Тегерек үстөлдүн жыйынтыгында Курултайдын кыргыз элинин улуттун иденттүүлүгүн, идеологиялык багытын аныктоодо жана саясий-экономикалык өнүгүүсүн жолго коюуда бирден-бир зарылдык экендиги туурасындагы иш-чаранын резолюциясы кабыл алынды.