"Манас" улуттук академиясы

Биз жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы ПЖ Nº 330 «Манас» эпосунун үчилтигин жана Ч.Т.Айтматовдун чыгармачылык мурасын ар тараптан иликтөө жана изилдөө үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы менен «Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси «Манас» улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси деп кайра өзгөртүлүп түзүлгөн.
 
Жогорудагы Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16 – майындагы Nº 262 Токтому менен «Манас» улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин жаны Жобосу
бекитилген.