“Манас” улуттук академиясы менен Эл аралык Кызыл Крест комитетинин кызматташтыгы тууралуу жолугушуу өткөрүлдү
2025-жылдын 16-январында “Манас” улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу, вице-президенти Назира Аалы кызы, Коммуникация жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Гульзат Майчинова жана академиянын кызматкерлери Эл аралык Кызыл Крест комитетинин миссиясынын башчысы Ангелика Шопп менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда гуманитардык укук, эл аралык коопсуздук жана кыргыз элинин руханий байлыгы болгон “Манас” эпосундагы гуманизм идеялары жөнүндө кеңешме өткөрүлдү.
Ангелика Шопп “Манас” эпосуна болгон кызыгуусун билдирип, келечектеги кызматташтык боюнча ойлору менен бөлүштү. Мындан ары тынчтык идеяларын жана гумандуулук байлыктарды жайылтуу максатында “Манас” улуттук академиясы жана Эл аралык Кызыл Крест комитетинин ортосунда биргелешкен иш аракеттерди жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Similar Posts

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген