Кыргызстандын маданий мурастарын изилдөө жана жайылтуу жаатында илимий кызматташууну чыңдоо: “Манас” улуттук академиясынын жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети менен кызматташуу
2025-жылдын 9-январында “Манас” улуттук академиясынын Коммуникация жана эл-аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси доктор Г.Т. Майчинова баштаган академиянын кызматкерлери менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Илимий иштер боюнча проректору М.М. Дылдаев, PhD докторантура программасынын директору Д.Ч. Иманбердиев, наукометрия бөлүмүнүн башчысы А.К. Шайылдаева, PhD докторантура бөлүмүнүн жетекчиси Э.Дж. Лайлиева жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун чет элдик PhD докторанттары эл аралык кызматташуу боюнча жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда төмөнкү негизги маселелер көтөрүлдү:
1. Илимий изилдөөлөр боюнча кызматташуу:
– Маданий мурастарды жана “Манас” эпосун илимий изилдөө жаатындагы Академия жана университет ортосундагы биргелешкен иштер мүмкүнчүлүгү.
– Чет элдик докторанттардын катышуусунда маданий антропология, философия, лингвистика жана филология боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү.
2. Стипендиялык көмөктөшүү:
– “Манас” эпосунун заманбап коомдогу орду боюнча жасала турган илим тармагындагы долбоорлорду колдоо максатында стипендиялык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкулоо.
3. Эпостун баалуулуктарын популярдаштыруу:
– “Манас” эпосунун адеп-ахлактык, этикалык баалуулуктарын жаштардын жана чет элдик изилдөөчүлөрдүн арасында жайылтуу боюнча аракеттер.
Бул жолугушуу “Манас” улуттук академиясы жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ортосундагы Кыргызстандын маданий мурастарын сактоо, изилдөө жана жайылтуу боюнча кызматташууга жаңы кадам болду.