Академия манас
       Бүгүн, 27-апрелде “Манас” улуттук академиясында “Репрессияланган адабият: Тазабек Саманчин” китебинин бет ачар аземи болду.
      Кыргыз Республикасынын Президентинин Кеңешчиси Арслан Койчиев өз сөзүндө “эмгектин жарыкка чыгышы – улуттук рухтун кайра жаралышынын символу” экендигин белгиледи.
      Бул жыйнакка Т. Саманчиндин адабият, аны окутуудагы кѳйгѳйлүү маселелер, фольклор, акындар поэзиясы жаатындагы изилдѳѳ жана сын макалалары, кѳркѳм чыгармалары топтоштурулду.
       1971-жылы “Кыргызстан” басмасы тарабынан жарыкка чыгып, бирок ошол учурдагы адилетсиз сындын курмандыгы болуп ѳрттѳлүп кеткен “Лакаптан романга” китебинин чиймеленген, негизсиз оӊдолгон жана комментарийлерге толгон сигналдык нускасынын айрым беттеринин фото копиясы, ѳмүрү, чыгармачылыгына байланышкан архивдик маалыматтар, фото сүрѳттѳр, айрым адабий жана сын пикирлер берилүү менен Т. Саманчиндин чыгармачылыгы жана ошол мезгил тууралуу маалымат камтуу аракети кѳздѳлдү.
       Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Кеңешчиси Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн эксперти Замир Турсунбеков, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, Жогорку аттестациялык комиссиянын коомдук-гуманитардык илимдер боюнча аттестациялык бөлүмүнүн башчысы Токтобүбү Баястанова жана Рахима Сыдыкова, Кубан Мамбеталиев, Гүлзада Абдалиева баштаган бир катар окумуштуулар, Тазабек Саманчиндин үй-бүлөсү, жакындары, маданият ишмерлери катышты.
     Жыйнак адабиятка, анын ичинде фольклордук материалдарга, акындар чыгармачылыгына кызыккандарга жана жалпы окурмандарга арналат.