Академия манас

Жоомарт мүнөз, жоокер дух —

Жоодураган эр кыргыз.

Жоо бетинде жан берген

Жоокер туулган эл — кыргыз.

Кыргыз атка мингенде,

Кыйкырып жоо сүргөндө

Ар бир кыргыз айланат 

Алп Манаска — билгенге

.

Ат жалында ойногон,

Алышканын койбогон.

Жердигинен эр кыргыз

Жеңишти көп тойлогон.

Айкөл кыргыз акырын

Сыйлайт жатын, жакынын.

Катуу берет, а бирок

Катылгандын катыгын.

Эси жокко жарашкыс,

Эрдигим бар — талашсыз,

Манас жол бар кыргызда,

Ойноп турат Манас дух.

Жедигер Саалай

МЕКЕНИМ — КЫРГЫЗСТАН

 

Курама жыйып журт кылган — Манас,

Кулаалы таптап куш кылган — Манас,

Бабамдан мурас — бейиштей жерим,

Кыргызстан ыйык Мекеним менин.

 

Көчмөн эл — кыргыз, көп азап көрдү,

Көк Теңир колдоп, баарысын жеңди.

Көк ыйык түндө Ай, жылдыз учкан,

Жер ыйык күндө биз басып турган.

 

Ак чачып тоскон жыланды дагы,

Алпейим элим, ыймандуу баары.

Ысык-Көл — тунук, Ала-Тоом — бийик,

Кыргызстан — менин Мекеним ыйык.

 

Жедигер Саалай

…Төгүлгөн кара чачы бар,
Гүл төгүлөт колунан –
Бактысы элге ачылар…
Кылып өткөн кызматы
Кылымга чейин жазылар…
(“Кыргызга кылым бүткүс аза болуп…

Анан да Манас катуу жараланып
Кайтканда кайра бери Бээжин жактан,
Каныкей суук-жаман кабар алып,
Жол тосуп, бир өрүшкө келип жаткан…

Таластын берки чети, түп тарабы
Жер болот Талды Булак, Арал деген.
Ал кезде токой экен түнт дарагы,
Ичинде бугу ойногон марал менен.

Керилген жашыл сазды Аралдагы
Каныкей кубанган дейт көрүп алып.
Эзрчиген күчү-колу, сарамжалы
Калган дейт анда токтоп, өрүү алып.

Токтолгон бир себеби мында жетип:
“Жер экен ысыгы жок мээ кайнаткан.
Эрте кеч тыным албай леп-леп этип,
Билбейсиң, жетип турат жел каяктан…”

Баатырды тосуп алып жерден ушу,
Айтышат, баккан дешип кыйын дарттан…
Аралда азыр да бар ал конушу,
Анан да желе-боосу анда тарткан.

Чоролор чыгып барып кароол карап
Турчу деп, аңыз кылат бир дөбөнү:
Дүкүлдөп добулбастын үнү тарап,
Сан колдун угулгансыйт дүрбүгөнү…

Каныкей күн уктабай, түн уктабай,
Баатырын такай туруп баккан экен.
Аш келсе, кээде калып бир ууртабай,
Саргайтып күндөрү жай аккан экен.

Жаралуу эчен мындай эр тирилген
Ал кездин не бир укмуш дарылары
Берилип, анан мында келтирилген
Элдеги табыптардын дагы баары.

А бирок алгач жараат жазылбады,
А кайра ырбап кетип барат бүтпөй.
Кыйналды эр Манастын асыл жаны,
Кыйналды Каныкей да карап түтпөй.

Арстандын кайра бери кайрылбасын
Ал гана ачык-даана билип турду.
Андыктан, кайгырсын же кайгырбасын,
Алдыда үмүт бош да, үмүт куру.

Антсе да сыр билдирбей башкаларга
Жякшыдай жай мааниси Манасынын,
Көз салып ички-тышкы ал-абалга,
Бузган жок ал өзүнүн каада-сынын.

Келди эле отуз эки жашка жаңы,
Жылдыздай жаркып турган жаш жамалы.
Толгондой жакшылыкка, адамдыкка,
Аялга эмне керек башка дагы?!

Бир сырдуу, оор басмырт мүнөзүндө
Байкалат акыл ойдун тунуктугу.
Андыктан, бүт эл актап бир өзүнө,
Эмне айтса, “эжекелеп” угуп туру…

Эжеңдин самсып учкан санаасы бар,
Тетиги тоо артында жаткан жоонун
“Өлдү” деп укса канар табаасы бар,
Бул жакка кайра баштап кандуу жолун…

Аталаш Абыкеси, Көбөштөрү
Элди да ичтен бөлөр бөлөк-бөлөк:
“Келтирер кезегиңди!” деп өздөрү
Баатырга жүрөр эле көп өпкөлөп.

Аз беле алардан да башкалары!
Элди эми төкпөй-чачпай ким башкарат?
Абакең Бакай болсо–ашкан кары,
Семетей–жетилбеген бир жаш канат…

Жалп этип өчкөнсүдү бир шам чырак–
Кайтканда жерге берип Алмамбетти.
Калсачы, эч болбосо Сыргак, Чубак!
Ай, аттиң кимге айтасың арман кепти?!

Деп эжең айыл-журттан барып башка,
Өбөктөп колун таяп курга бекем,
Буркурап бетин чайып ысык жашка
Бир түнү таң аткыча турган экен…

…Күч алып жаңы келген жыл жазынан
Сызылып төмөн түшүп сазды имерип
Агылат, жалгыз булак жалгасынан–
Андагы “Каныкейдин жашы” делип.

Эл-журтка эже болгон эстүү-жөндүү,
Окшойт ал Каныкейдин эстелиги.
Тыңшасаң сага сүйлөп берген үндүү
Сыр кылып ошол кыйын кездегини…

СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ

Ким билет, болду бекен бул жер «Талаш»,
Калганбы сөз бузулуп болуп «Талас»…
Кантсе да даңкы чыккан көпкө дайын,
Анткени ушул жерлик баатыр Манас.
Баатырдын жоо чапканы, эл бакканы,
Куш салып ойногону болдубу ырас?
Арстанды көп жашабай өткөн десе,
Мөлтүрөйт эриксизден көзүңдөн жаш…
Кыргыздар ошол эрдин тукумудур,
Кыйкырсак чыдай албай жарылат таш…
Кайрат бар, сүрү укмуштуу эл болобуз,
Калтырап бутубузга жыгылат кас.
Себеби ошол бекен, шер сыяктуу,
Кем тукум, баатыр кыргыз мынчалык аз?
Көргөндү суктандырып жата бергин,
Кең Талас, сен тууралуу ойлонсун баш…

 

Темиркул Үмөталиев

 

Атабыз Манас болуптур,
Ай астына конуптур,
Бирок, ал коркок болбоптур,
Ар жактан келген душмандан,
Аөосуз ачкөз жуттардан
Ала-Тоо журтун коргоптур.
Дүрбөлөңдө шашпаптыр,
Каптаган селден качпаптыр.
«Кырк чоролоп» кыйкырып,
Кыргызды жоого баштаптыр.
Бээжинге чейин барыптыр
Алдырбаптыр, алыптыр.
Кызмат кыл тынбай кыргызга!
Намысын элдин талашкын!
Атагын-даңкын Манастын
Алып чык айга, жылдызга!

 

Темиркул Үмөталиев

Ай батпай, сулуу таң атсын!
Алдыңкыга жанашкан.
Ар жылы баатыр койчулар,
Арбын төл алып санашсын.
Ар дайым чыгып байге алсын
Аккуласы Манастын!

 Темиркул Үмөталиев

Саякбай эске түшкөндө
Ысык-Көл толкуп жаткансыйт.
Нарын кирип ташкансыйт.
Манас баштап чабуулду,
Коңурбай шашып качкансыйт,
Каңгайдын күнү баткансыйт.
Саякбай айтса «Манасын»,
Туралбай түтөп жанасың.
Алтымыш дастан, жүз миң ыр,
Ошол чер токой арасын
Аңтарып түгөл көргөндөй,
Аябай жыргап каласың.
Биз үчүн нурдуу жылдыздан,
Дастандарды ыргыткан.

 

Темиркул Үмөталиев
Саякбайлар кийин да,
Чыгышаар бекен кыргыздан?

Эч ким менен кеңешпей.
Эч кимге боюн ченетпей,
Аталардын үйүнүн
Эшигин ачты Семетей.
Башындагы тебетей
Хан Бакай баштап көтөргөн
Касиеттүү желектей.
Көрүнүшү башкача:
Көөхар, алтын тап-таза
Баа жетпес укмуш белектей.
Айтса бүтпөс жомоктой
Дат баспаган болоттой.
Оюна кир жолотпой,
Манастын уулу Семетей,
Миң жыл жана, аман жүр!
Ак пейил бол, адал жүр!

 

Темиркул Үмөталиев

Башталса кокус эрегиш,
Биздин күч эч бир ченегис.
Жакалашкан жоо келсе
Кол курап чыккан майданга
Курманжан датка энебиз.
Кыз Сайкал түшкөн эңишке,
Жаңыл мырза эжебиз
Жаа тартып, найза сундурган,
Жексурдун жанын тындырган.
Атабыз Манас жоо чапкан,
Айсыз түндө жол тапкан.
Качкан жоону кубалап,
Бээжинге кирген бер жактан.
Алтайга буудай эктирип,
Ач калтырбай эл баккан.
Жеңиш туусун көтөрүп,
Жеңиш ырын ырдаткан.
Биз ошонун тукуму,
Ак албарс кылыч нукуру.
Ажалдан бетер жармашкан
Ажыдаар менен арбашкан,
Кубат чыгып кыргыздан
Танк менен да кармашкан.
Дүйшөнкул кызыл от кечкен
Тартынып кийин калбастан,
Темиркул жеткен Берлинге
Тоолордон ашып, кар баскан.
Азыр биз бийик курабыз
Тынчтыктын чебин урагыс.
Көп ишке көңүл бурганбыз,
Достукка колду сунганбыз.
Тилибиз башка болсо да,
Түркүн элге тууганбыз.
Кызыл кан аккан майданда
Убада сөзгө турганбыз.
Пейли таза жагынан
Алтын түн чачкан нурданбыз!
Агабыз орус баатырдай
Барабыз алга тартынбай!

Темиркул Үмөталиев

Колуң бошпу? Көзүңдү сал китепке,
Кызыктардын кызыктары китепте.
Кыргыздарга Манас башчы бир кезде
Кылыч кармап Сыргак турган күзөттө.
Жарк дей түшөт Азиянын ортосу,
Кыргыз жүргөн Ойкүмөндүн чоң тоосу.
Урянхайдын шагылында жатпайбы
Унут калган жабагынын ноктосу.
Алтай, Шибер, Кызыл Жардын токою,
Жыртылган жай кыргыздардын чокою.
Эске салып жоокерчилик жылдарды
Боздогондо Токтогулдун «Ботою».
Хакас, Шору, Тува биздин туугандар,
Бир кездерде бирге жашап тургандар.
Бирдик туусун желбиретип асманга,
Хан – Кайларга найзаларын сунгандар.
Баардыгы тең кыргыз дешкен өздөрүн,
Көз артышпай бактысына өзгөнүн.
Каалашпастан эч бир оттун өчкөнүн,
Эңсешкен дейт Ата Журттун көктөмүн.
Ушулардын баардыгы бар китепте.
Көңүл буруп, көзүңдү сал китепке!
Достук, бирдик бек болушун кааласаң,
Өткөн кезди, эртеңкини бүт эсте!

 

Темиркул Үмөталиев

Денесин ташка койгулап,
Жанырык жасап көп үндөн,
Сар аска боорун ойгулап,
Саамалдан бетер көбүргөн…

Алдына жердин катылбай,
Атыла чыгып келген суу.
Таптагы байге атындай
Таскак салып желген суу.

Жаралганда көктө күн
Жаратылган суу өзү,
Жерде бардык өткөндүн
Жалгыз тирүү күбөсү.

Тунук, таза аккан суу,
Түгөл журтту баккан суу.
Казаттан кайтып келатып,
Кабылан Манас таткан суу.

Ак кууга окшоп түспөлү,
Айчурөк бойлоп баскан суу.
Адашып шумкар түшкөнү
Айтылып калган дастан суу.

Булуттун учун сыдырып,
Мөңгүдөн түшүп келген суу.
Талаанын баарын кыдырып,
Тамчысын койбой берген суу.

1982
Талас

 

Сүйүнбай Эралиев

Чырылдаган иштин да чатышы бар,
Чындыктын да Чыгышы, Батышы бар.
Чытырмандын кудайы пил эле эмес,
Чымындын да жашоого акысы бар.

Сайдын дагы баштаган башаты бар,
Саяпкердин сатаган такасы бар.
Өрөөңдөгү кенедей өзөндүн да,
Өз тилинде чардаган бакасы бар.

Кыргызмын дейсиң мага,
Кыйшактап бийлип туруп.
Кыргызмын дейсиң мага
Тамекиңдин түтүнүн
Үйлөп туруп,
Кыргызмын дейсиң мага
Кыргызча араң сүйлөп туруп.

Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар.
Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,
Каада-салтын калкынын куруткандар!

Тил жоголбойт,
Жоголсо жоголот дил,
Уулуң дагы,
Кызың да
Жоголот бил!
Тил жоголбойт,
Жоголсо айланасың
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Ысыгыңа-суугуңа тоңбогондор,
Ыйманын жеп, ыр-күүңдү кордогондор.
Кыргыз эмес кыргызды төрткө бөлүп,
Кылтылдашып түлкүдөй жойлогондор.

Мен азыр мисал кылып,
Мурат деген жигит жөнүн айткым келет,
Мурат минтет:
-Энеке,
Энекебай,
Өзүңдү түшүнсөм да,
Сөзүңдү түшүнбөймүн.
Тууган эл кечир, кечир,
Туз-наныңа түкүрбөймүн.
А бирок эмне кылам,
Эне тил дегенге мен түшүнбөймүн.
Түшүнбөймүн
Ырыңды, макалыңды,
Түшүнбөймүн Кошоюң, Бакайыңды.
Башка калктын тарыхын билген менен
Билбеймин “Манасыңды”.
Тууган эл келатамын
Сындырып кабыргаңды,
Сыздатып жүлүнүңдү,
Жулдуруп канатыңды.
Сен кимсиң?
Чоңсүңбү,
Кичүүсүңбү,
Баласыңбы?
Мен–Муратмын,
Досторум Мурик дешет,
Мурик эмес,
Муратмын мен,
Мен ошомун,
Орустардын арасында “дуракмын” мен,
Кыргыздардын арасында “келесоомун!”

Ай, Мурат, Мурат,
Бир боорум кагылайын,
Тили бар болгон менен
Тил катып үндөй албай,
Тили бар болгон менен
Канчалар сен сыяктуу дудук болду,
Эне тилин
Тилмечсиз сүйлөй албай.

Калайык, кечир мени,
Койгум жок мен күнөөнү,
Тил үчүн жалгыз гана Мурат эмес,
Сен күнөөлүү,
Мен күнөөлүү!

Бөрк ал десе башыңдан кан алышкан,
Бөдөнөдөй бөжөңдөп жан багышкан.
Эне тилин унутуп мансап үчүн
Эх, канчалар маңкүртка айланышкан.

Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
“Жылт” эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!

Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган
Кан болсо ла кыргыздын баласы эмес!

Тил жоголбойт,
Жоголсо жоголот дил,
Тукумуң да,
Тууруң да жоголот бил!
Тил жоголбойт,
Жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголоу бир!..

   1989-жыл.

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ

Сай-сайдан чымырканып кулатып таш,
Омкоруп кедергини кылган талаш.
Башталып Ала Тоодон Чүйгө карай
Күзгүдөй суусу тунук агат Талас.


Таластын так боюнда чоң күмбүз бар
Көргөнгө ой түшүргөн кайгы аралаш.
Урматтуу көз жаш менен ал күмбөзгө
Коюлган өткөн күндө баатыр жомок кылып,

Күмбөзгө толуп жаткан сырлар айтып.
Бул күнкү урпагынын жайын сүйлөйт,
Уйкуда жаткан эрди кайраттантып.

Ала-Тоо асман менен деңгелдешип,
Көтөрүп көкүрөгүн, бой тирешип.
“Манасым эр ичинде экилтик” деп
Талашат Айга, Күнгө теңештирип.
Капчыгай, бийик зоока, чер карагай
Күмбөздүн күзөтүшөт кезектешип.
Жылгадан туйлап аккан тунук булак
Манастын сөзүн кылат маектешип.

 

Элинин эт жүрөгү жараланып,
Эбакы өткөн күндүн изин чалып;
Ырчысы ырга кошуп атын жаттайт,
Комузчу күңгүрөнүп күүгө салып,
Уулу зар болгон күнүн сүрөттөсө,
Жашынын каны кызыйт, ичи жанып.
Какшаган комуз менен, муңдуу ыр менен

 

Жоктошот эр Манасын эсине алып.
Сай-сайдан чьшырканып, кулатып таш,
Омкоруп кедергини кылган талаш.
Башталып Ала-Тоодон Чүйгө карай,
Күзгүдөй суусу тунук агат Талас.
Таластын так боюнда чоң күмбөз бар,
Көргөнгө ой түшүргөн кайгы аралаш.
Урматтуу көз жаш менен ал күмбөзгө
Коюлган өткөн күндө баатыр Манас…
1924 жыл.

  СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ

Айылдан окчун байкалат

Апакай аска, ак аска.

Ай тийсе окшоп маңкаят

Аккула минген Манаска.

 

Арыраак аппак аскадан

Алкынып дайра аккансыйт –

Кадырман айкөл баштаган

Калың кол келе жаткансыйт.

 

Туяктар тийип миңдегєн

Турду жер туюк дүңгүрөп.

Жай жатып көөнү зилдеген

Жаңырды жайлоо күңгүрөп.

 

Өргө учуп кыял, шаттанып,

Өткөнгө дароо жанаштым.

Кошула жаздым аттанып

Кошунун көрүп Манастын.

 

Ай тийсе дилди бура бер

Апакай аска, ак аска,

Аркайып окшоп тура бер

Аккула минген Манаска!

 СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ

Акыры адилеттик жеңди мына –

Азаттык Ала-Тоого келди мына!

Өзүң жаз, өзүң сүйлө өз тилиңде

Өзүң каз өзүң тапкан кенди мына!

 

Көз салып Кудай сенин көз жашыңа,

Ээ болдуң эми кыргыз өз башыңа.

Илгери иш алпарар ишенимдүү

Идерлүү уулуңду кой көч башына.

Уланып улам өнүпп тукумубуз,

Замандан убай кєрєр учурубуз.

Тилектин бүт бардыгы орундалар

Тийген кез колубузга укугубуз.

 

Өспөсөк ал укуктан пайдаланып,

Өксүйбүз, быркыранып, майдаланып.

Түз жолдон түртүп ийсе бөлүпп-жаруу,

Түшөбүз туңгуюкка тайгаланып.

 

Кууратып турган кезде каатчылык,

Кутурган иттей үрдү жаатчылык.

Арсайтып азууларын, арабызга

Аны ким коё берди таап чыгып?

 

Ким тигил бөлүнөмм деп сыраңдаган,

Урууга бөлүпп-жарып тыраңдаган?

Өрт коюп, эки араны өчөштүрүп,

Өзүнүн элин өзү кыралбаган?

Кан жутуп кыргыз мөгдөп басынганда,

Катыгын берип Манас катылганга,

Бүтпөгөн  кыргыз кыйрап бүлүнгөндө,

Жыйнаган кыргыз тарап, чачылганда.

 

Ким азыр кайра элимди бөлгүсү бар,

Кызыл кан төгүлгөнүн көргүсү бар?

Ким азыр хан Манастын арбагы уруп,

Калкымдын каргышынан өлгүсү бар?

 

Ким каалайт быт-чыт чыгып былчырашты?

Ким каалайт дагы кандуу ыңкылапты?

Туралы арабызды данакерлеп

Туу кылып биримдикти, ынтымакты!

 

Ар дайым ата журтка пайдасы бар,

Акылы, намысы бар, кайраты бар

Ойлогон кыргыз арын, кыргыз камын

Хан Манас тукумдары, кайдасыңар?!.

Өткөндүн угуп дастанын,

Көңүлгө бекем сактадым –

Ташпиштүү апам Каныкей

Тайтору күлүк чапканын.

 

Беренбоз дагы алкынат,

Берендей көккө талпынат.

Каныкей апам тариздүү

Мен дагы турам калтырап…

 

Табамын кандай арганы?

Так азыр тийип жардамы,

Колдосо экен атымды

Каныкей апам арбагы…»

 СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ

…Дөбөгө чаап барсам күжүлдөнүп,

Саякбай «Манас» айтат күпүлдөтүп,

Оозунан бороон чыгат, жалын чыгат

Уккандын жүрөктөрүн дүкүлдөтүп.

 

«Манасын» алп Саякбай аяктады,

Өрттөнүп танкист келип каяктагы….

…Сени, кыргыз,
так талашкан уулдарың талап-тоноп,
тытып жеп түгөтүштү.
Камчыларын өрүп алып,
казаныңды бөлүп алып…
Манасы жок элден дайым дал ушинтип,
Абыке, Көбөш чыгат.
Каныкейи жок энелер,
Кайрымы жок балдарды төрөп турат!..

 

Шайлообек Дүйшеев

Кыргыйек куштай зыпылдап

Кыялым учуп жөнөдү,

Толкунду жиреп баратат

Тоо көлдүн сулуу кемеси.

 

Ак булут жокто көтөргөн

Асман да тең, көл да тең,

Ээлигип көнүл сүйүнөт.

Эркелеп соккот жел менен.

 

Түпөрүп тоолор көрүнөт

Түркүгүндөй өлкөнүн,

Башынан мөңгү жаркырайт

Мандайындай селкинин.

 

Төбөдөн нуру жаркырап,

Сөөлөткө толгон чар тарап.

Кубандырып жаныңды

Куркулдап ак күү айланат.

 

Канаты күнгө чагылып,

Учканын кара ак куунун,

Кадимки Чүрөк кептенип

Сызганын кара ак күүнүн.

 

Кызыктырат адамды

Ак алтындай жүндөрүң.

Кыргыздан баатыр издеген

Айчүрөк болуп жүрбөгүн?

 

Алыс сапар кыйноо жол

Басып келип жүрбөгүн?

Аламын десе бир душман,

Качып келип жүрбөгүн?

 

Айланбай ак куү сырынды айт,

Азапка башын урунбайт,

Чарчасан көлгө коно бер,

Чачыкей сага жулунбайт.

 

Издеп келсең баатырды,

Тандап таап аласың.

Куудурбастан шумкарын,

Кошо ээрчите барасың

 

Кайрылгын ак куу, кайрылгын

Убара болбой кайта бар,

Кырк жөкөрүң кырк кызга

Менден салам айта бар.

 

Кыздарга барып кеп айткын,

Кызыктырып бек айткын,

Буурулга минбей баатырлар

Учуп келет деп айткын.

 

ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ

Әскерүү — ачылбаган алтын сандык,

Ал байыйт мезгилдерден улам арбып,

Аларды катып жатпай көрсөткөн оң,

Анткени эл буюму элге таандык.

 

Бир жылы сегиз акын буйрук алдык,

Алдык да биргелешип көлгө бардык.

Ыр окуп, элдєр менен жолугушуп,

Көп күнгө көлдү айлана жүрүп калдык.

 

Билинбейт карыбызбы, балабызбы,

Саякбай ширеп салды арабызды.

Бир туруп теңтуш кылса Байдылданы,

Бир туруп теңтуш кылат Чалагызды.

 

Ошентип, теңтуш болуп жаш-карыга,

Кубанчуу боор эзилип жатканыңа.

Сөз менен Капал жакта солдат болуп,

Сөз менен барып кайтчуу Кашкарына,

 

Солдатта кимдеп эмне үйрөнгөнүн,

Кашкарда кандай болуп үйлөнгөнүн,

Жашырбай… калемпирин, мурчун кошуп,

Катырып айтаар эле сүйлөмдөрүн.

 

Манастын кире электе дастанына,

Манастан» кем айтчу эмес башканы да,

Баа чиркин! Жанын таштап сабаар эле

Каныкей Тайторуну чапканына.

 

Эсимде: менин ошол барышымда

Жүргөпбүз көлдүн күңгөй багытында,

Бар колхоз бизди келет дегенди угуп,

Жыйнаптыр баласын да, карысын да.

 

Келген эл казганактап аба жарып,

Баарысы чоң клубка батпай калып,

Акыры бир пикирге келдик дагы,

 

Отурдук көл жээгине чогуу барып.

 

Ортодо шырдак салды дөңсөө жерге,

Акындар ыр окудук келген элге.

Ошондо адат болчу эмнегедир

Сакеме алттатып кезек берме.

 

Баштаеа Сакем деле баштаар эле,

О, бирок, Сакем бийак аскар эле.

Балкытып бүткөн бойду коргошундай,

Баарысын жыйынтыктап таштаар эле,

 

Андыктав кезек берчүү акырында,

Ал баштал Тай буурулдун басытында,

Аягы тизгин тартпай күчөп алчуу,

Карабай чакырымдан чакырымга.

 

Кубантып тегеректеп турган элди,

Акындар көп ырларын окуп берди.

Адаттай баары бүтүп калган чакта

Акыры Саякбайга кезек келди.

 

Айтылды алп Мавастын өлгөн чагы,

Айтылды атпай журту көмгөн чагы.

 

“Айтылды алты арамдан качып-бозуп,

Каныкей капдай күндү коргөн чагы…

 

Айтылды кайран Бакай каргандыгы,

Хандыкты Көбөш тартып алгандыгы,

Калкалап кайненесин, Семетейин,

Каныкей төргүнүнө баргандыгы…

 

Саакбай ашкан чебер, ашкан уста,

Маш эле боздоп туруп аткарышка,

Ыйлатып Каныкейди, төлгөсү деп

Акыры кезек берди ат чабышка.

 

Тулпарлар айдатылды абдан ыраак,

Тулпарлар айлык жерге етти чубап…

Каныкей Тайторусун төлгө кылып,

Чыкса деш жашын төгүп ыйлап турат.

 

Угалбай Каныкейдин муңдуу датын,

Далайлар пөторалбайт жерден башын.

 

Мен көрдүм ошол чакта Саякбайдын,

Көзүнөн салаа-салаа тамган жашын.

Укканда боздоп-боздоп чыккап үпүп,

Аргасыз бошоп кетти мууну-жүүнүм.

Ошондо асман бетин булут каптап,

Кара жер боло түштү кара күүгүм.

 

Чын эле кара булут каптап күндү,

Заматта жамгыр жаады, кыян жүрдү…

Былк этпей олтургандар жашын тогүп,

Тылшоодо Саякбайдан чыкан үндү.

 

Чыдабай Каныкейдин азабына,

Карылар жаш куюлтат сакалына,

Кемпирлер аккан жашыв аарчый албай,

Балдарын корголотот чапанына…

 

Бул ыйга келин-кезек кошо жашып,

Жигиттер төмөн карайт тунжурашып.

Ый мелен аккан жамгыр кошулганга

Ысык-Кол бараткансыйт ашып-ташып,

 

А Сакең эчтеме албай капарына,

Аттарды айдап таштап сапарына,

Кайрылат бер жакзагы Капыкейге,

Кайрылат Семетейдин чатагына.

 

Аңгыча кеткен аттар кайра тартат,

Укканың жүрөк мыжып, жүрөк жанчат.

Эсепсиз нечен тулпар бери чубап,

Тайтору артта жүрөт «кудай алкап»…

 

Дал ошол тулпарлардын өзү сымак,

Булуттар асман бетин бербей чубап.

А жамгыр Каныкейдип жашы өңдөнүп,

Тынымсыз агып жатты жерге кула:

 

Утурлап улам бирин, бри сүрүп,

Келатат жаадай учкан нечен күлүк…

Ысык-Көл Тайторунун жогуп утуп,

Ызалуу бууракандайт үшкүрүнүп.

 

Коп өтпөй жааган жамгыр улам бастап,

Булуттап күп көрүндү аздал-аздап..

А көрсө, алтымыш ат соңуп ээлеп,

Тайтору келатылтыр аяк таштап.

 

Карт күлүк кызыйт белем жүрө-жүрө,

Тулпардын артка калат улам бирөө.

Негедир ошол чакта Семетейдин

Оюна түшө калат атты сүрөө.

 

Семетей өзү туюп, өзү билип,

Оозуна Манас кирип, Талас кирил,

Сүрөсө… чыдай албай кубанычк‹

Жаадырайт жер да жибип, эл да жибип…

 

Ошентет эр Семетей сүрөөнгө алат,

Аргасыз алтымыш ат артта калат.

А, Сакем өзү сүрөп бараткансып,

Айхайлап айтып жатат жаның сабап.

 

Ысык-Көл албууттанып ошол чакта,

Окшошуп толкундары чапкан атка,

Арт жактан бирин-бири кубалашып

Келатты улам бири бери жакка:

 

Толундар мурдагыдан күчөп, демеп,

Алдыда Тайторудай бирөө келет.

Карасаң көбүк чыгып, буусу чыгып,

Күшүлдөп чапкан аттай добуш берет.

 

Сүрөтүп алп Манастын баласына,

Тайтору келип жетти марасына…

А толкун кылымдардын жомогу окшоп

Кумдардын житип кетти арасына…

 

Келгендер: карысы да, баласы да,

Ыраазы Сакем айткан «Манасына»!

Мен болсом, Ысык-Көлдү, Саякбайды.

Ойлондум бяр ыр кылып жаратууга.

 

Саякбай көлдүн туулуп колтугуна,

Жаралган «Манас» айтып олтурууга.

А бирок ал да өзүнчө бир көл эле

Толкуну окшош көлдүн толкунуна.

 

Балгенге Саякбайдын, Көлдүн дагы

Көп эле бир-бирине окшош жагы.

Өзгөчө көл толкундап, Сакем болсо,

Күрпүлдөп Манас айтып жаткан чагы…

 

Быйыл да көл жээгинде копкө жүрүп,

Сакемдин эске түштү сөздөрү бүт.

Эриксиз, көз чаптырам айланама,

Эмнелер калды экен деп өзгөрүлүп.

 

Тоо турат булуттарды бөктөрүнүп,

Күн турат мурдагыдай көктө күлүп.

Бир гана кең Ысык-Көл Сакем жоктон,

Калыптыр калыбынан бөксөрүлүп.

 

ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ

ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ

Саймадай гүлгө жарашкан
Сайраган булбул үнү эле,
Акындын көөнүн толкуткан
Ай жарык, жылуу түн эле…

Элимдин болгон дарканы
Эрлерди өткөн эстедим,
Учуна чыкпай кыялдын
Үргүлөп уктап кеткемин…

Жылдыздай калкым жыбырап,
Жыйналып жыйын куруптур,
Шарпылдап долу Ысык-Көл,
Шамалсыз толкуп туруптур…

Көп үйлөр катар тигилген,
Көк ала майдан шиберге,
Шыңкылдап кыздар отурат,
Жибектен соккон килемде.

Атандар жатат чөгүлүү,
Алтындар жатат төгүлүү,
Асаба туулар кылкылдап,
Адамдын толкуйт көңүлү…

Аңкыган жыты жыпардай
Айлана көркөм караса,
Кубантып жанды нур чачат,
Күн менен чолпон жанаша…

Шааниге салып асманды
Шаңшыган бүркүт көрүнгөн,
Жаркырап, балкып ай чыгып,
Жарыгы жерге төгүлгөн…

Сызылат тоодон жылтылдап,
Сымаптай суусу булактын,
Комузду коштоп кубулжуйт
Коңур күүсү кыяктын…

Тамаша… сайран… салтанат
Таң калып карап турамын.
«Кандай той, кандай жыйын?» – деп,
Кара чач кыздан сурадым.

Жоодурап турган сулуудан
Жоопту мындай угамын:
– Обочо турган карыя
Ошондон барып сурагын.

Ак боз ат минген бир киши
Агарган сакал карга окшойт,
Далысы шумкар мүрүдөй
Далайды көргөн жанга окшойт.

Маңдайы сары жылдыздай
Балбылдайт эки көздөрү,
Он миң-сан элди каратат
Оозунан чыккан сөздөрү…

Кабылан сындуу карашы
Кайратка бүткөн эр экен,
Агасы болгон журтунун
Акылга дыйкан эме экен…

Баш ийип, колун куушуруп
Барганда басып жанына,
Башкача назик үн менен
Баштады сөзүн карыя:

«– Келет деп сени күткөмүн
Керемет жыйын сонунга,
Сүйлөй бер кандай кебиң бар?
Сүрдөнүп, уулум, корунба!..

Сагынып тосуп аламын,
Саламын сендей баламдын,
Таалайың тилеп картайган
Тааный жүр, Бакай абаңмын.

– Карачы калкым чогулду
Кайратка ташып эреркеп,
Кадырлап баккан балдарын
Казатка бүгүн жөнөтмөк…

– Кара курч болот зулпукор
Кармагын, сага жасаттым.
Айтылуу кыргыз кулуну
Ардагым сага жасаттым…

– Ай чапчып турган аргымак
Минет деп сага камдадым,
Айтылуу кыргыз кулуну
Киет деп сага камдадым.

– Өрүшкө толгон калың эл
Өстүргөн сени топ ошол,
Өчөшкөн кара душманды
Өрттөөчү кызыл чок ошол!..

– Береги турган шаңданып
Бежинди чапкан кол ошол,
Бейлинен танган душмандын
Бетине бүткөн шор ошол!..

Айбанбоз минип алдыма
Айбыкпай колду баштадым,
Кылымдан балам көрбөгөн
Кыргыздын жоодон качканын.

– Жалындай тийгин душманга
Жашынып үйдө жатпагын,
Батамды, уулум, берейин
Бабаңдын даңкын актагын!

– Куралын таштап колунан
Кулдукка кыргыз көнбөгөн,
Кыяндай каптап келсе да,
Кыргызды душман жеңбеген!..

– Эрлерди көрсөм деп ойлоп
Эзелтен көксөп самадың,
Көрсөтүп баарын чыгайын
Көзүңдү жумбай карагын!

– Тээтиги
Маралдай сулуу ат минип
Башкарып турган көп элди,
Башкача бүткөн көркүнө
Башкалар кайдан теңелди!

– Айчылык жерден кыйкырса
Ажыдар качкан үнүнөн,
Алдынан чыдап чыгалбай
Ак жолборс корккон сүрүнөн…

– Туулуп, өсүп жоо сайып
Тундурган элин жыргалга,
Асманда ай, күн тутулат
Ачуусу келип турганда…

– Аккула атын ойнотуп
Айбалта, найза өңөргөн,
Паанайын ачып кыргыздын
Бактысы үчүн төрөлгөн
Абакең Манас шер ошол!

– Тээтиги
Саамайын артка өрдүрүп
Сарала минип көрүнгөн,
Каарданып кыйкырса
Кара таш тептең бөлүнгөн…

– Таласка келип жердеген,
Кыргызды келип элдеген,
Кылычынан кан тамып
Кыргында намыс бербеген.

– Канжарын жалаң байланып
Касташкан жоосун жалмаган.
Кармаша келген душманды
Кара койдой айдаган!..

Алтын айдар чок белбоо
Алмамбет деген эр ошо!..

– Анагы
Көк ала тулпар аты бар
Көк соот темир жамынган,
Кайраттанып үн салса
Какшалдын тоосу жаңырган.

– Караанын жоонун көргөндө
Кабыландай чамынган,
Качырып найза салганда
Кара кан суудай агылган,

– Чаалыгып күчү бошобой
Чалгындын жолун талашкан,
Кекенип жоого киргенде
Кем сайбаган Манастан.
Арстаным Чубак эр ошол!

– Кечээ
Көкөтөй кандын ашында
Көп болгон кызык укпаган,
Калмактын алпы Жолойго
Кармашып балбан чыкпаган.

– Калкымдан намыс кетет деп,
Кайгырган Манас кансырап,
Ачуусу келип кумсарып,
Алдында атын камчылап.

– Калдайып турган кыргызга
Кайрылып Манас сүйлөгөн,
Баркымды күлдөй учурбай
Балбанга түшөр ким? – деген.

Картайып жашы калса да,
Калк үчүн түшкөн балбанга,
Кайышып Жолой жыгылган
Капшырып абаң чалганда.

– Катаган деген эл менен,
Кара тоо башын жердеген,
Кыйлага даңкы угулуп,
Кыргыздан намыс бербеген.
Кырааным Кошой ал ошол!

– Тээтиги
Кенжекедей жары бар,
Желмаяндай малы бар,
Алдындагы чал куйрук
Асмандап учат жаныбар.

Тогуз уул кенжеси,
Тоо бүркүттөй келбети,
Көйкапта жатып тартканын
Көрбөгөн адам пендеси.

Жети жыл жердин астында
Желмогуз менен алышкан,
Жыландар арбап жатса да,
Жыгылган эмес намыстан.
Эр Төштүк деген дөө ошол!

– Тээтиги
Сүмбөсүндөй жарактын,
Сүйгүнчүгү Манастын,
Кундагындай жарактын.
Кубанычы Манастын.

– Кара калпак кийгени,
Кара тулпар мингени,
Кырк чоронун мыктысы
Кыран куштай тийгени.
Ардагым Сыргак ал ошол!

Кеңеши болгон Манастын,
Келбети болгон Таластын,
Акылы болгон Манастын,
Ардагы болгон Таластын.

Ак жоолуктун ичинен
Акылмандуу жан эле,
Келер ишти болжогон
Керемети бар эле…

– Атасынын төрүндө
Ак марал менен уктаган,
Узун чачтуу пендеден
Укмуштуу мындай чыкпаган.

– Абакең Манас өлгөндө,
Алыстан уста алдырган,
Айтылып элде калсын деп,
Ак күмбөз өзү салдырган.

– Уулу кыраан төрөлүп
Ууга бышкан жатыны,
Уламадай сөз тапкан
Ургачынын асылы.
Каныкей апаң тетиги!..

– Жазбай тартып атаны
Жалаң кылыч байлаган,
Кунун кууп Манастын
Коңурбай дөөнү жайлаган.

Ак шумкардай куш салган,
Айчүрөктөй кыз алган,
Семетей агаң келатат
Артында үлгү иш калган.

– Тээтиги
Керилген тоону ашкандар,
Кештелүү калпак жаш балдар,
Канчоро менен Күлчоро
Калкыман чыккан арстандар…

– Ак куунун үнү угулат
Асманды балам карачы,
Алтындай күнгө чагылган
Айчүрөк жеңең канаты.

– Анагы
Ак бараң мылтык асынып
Ак зоодон тике секирген,
Куугунду көрүп зар ыйлап
Куу эчки каргап өкүнгөн…

– Бел чечип үйдө жатпаган,
Мээлесе жаздым атпаган,
Кайберен менен кармашып
Казасы жеткен аскадан.
Кожожаш мерген ал болот!

– Адырлуу тоону арытып
Асынган келте жаш бараң,
Атасы өлгөн зоокадан
Аркы-терки аттаган.
Молдожаш деген шол болот.

– Туйгундай эркин желде өскөн,
Туулуп нойгут элде өскөн,
Алгыр куш салып жаа тартып,
Арытып далай жер кескен.

– Эркекче кийим кийинип,
Эркинче дуулап жыргаган,
Дарканы болуп журтунун
Тагдырга моюн сунбаган.

– Берендер менен беттешип,
Бел болгон элге көп жылы.
Качырган жоосун куткарбас,
Какшаал тоонун тунжуру.

Жай күнү төккөн мөндүрдөй,
Жаадырган огун жебенин,
Кагылам, салтын үйрөнгүн
Кабылан Жаңыл эжеңин!

Азапка башы чалынган
Аяйм деп кырчын Абылды,
Көк туйгун куштай эргиген!
Көрдүңбү эжең Жаңылды!

– Тээтиги
Кулундай сындуу аты бар
Кундуздай чачы кубулган,
Арстаны кыргыз кызынын
Атадан артык туулган…

– Кечээ
Кеңколдун бою түзөңгө
Кериле айыл конгондо,
Дубандын баары чогулуп
Дуулаган чоң той болгондо,

«Байгеден байтал чыкпайт», – деп
Басынтып Манас сүйлөгөн,
Көбүрүп суудай толкуду
Көрбөгөн мындай дүйнөдөн…

Кылчайып найза сундуруп
Кызыкты эжең баштамак,
Арага Чубак түшпөсө
Арстанды сайып таштамак.
Айтылуу Сайкал ал ошол!

– Уулдары түгүл кыргыздан
Ургаачы кыраан төрөлгөн,
Садагам, балам, үлгү алгын
Зардалым Сайкал эжеңден!

– Кадимден бери казатка
Качырып кирген элиң бар,
Уу болуп жоого чачылган
Ушундай укмуш тегиң бар,
Учуна чыгып душманды
Уйпалай турган эбиң бар!

– Алдыңан чыккан жыланга
Ажалдын чогун кызганба,
Кара чаар жолборстой
Кайрылып тийгин душманга,
Айбыгып тизе бүкпөгүн
Артыңдан сүрөр биз бар да!..

– Абакең Манас баатырдын
Арбагы барат сен менен,
Зардалым кыргыз калкынын
Салмагы барат сен менен!

– Кылчайып качпас кырк чоро
Кылычы барат сен менен,
Кызыкты салып душманга
Кырышы барат сен менен!

– Жылоодон алып жетелеп,
Жыгылсаң өйдө жөлөйүн,
Машыккан жайым бар эле
Майданга баштап жөнөйүн!..

Кан агып суудай оргуган,
Казатка бара жатасың,
Алакан жайдым, кулунум,
Арстандар берсин батасын!..

Карыя муну айтканда,
Калың журт гүлдөй кулпунат,
«Басынтып жоону жеңгин», – деп,
«Бактылуу болуп келгин», – деп
Батасын берди чуркурап…

Ак мөңгү эрип эзелки
Суумдан иче кечкин дейт,
Ачылган гүлдөр жүгүнүп,
Аралап терип өткүн дейт,
Кучагын жайып Ысык-Көл,
Салкындап түшө кеткин дейт.

Асмандап турган чокулар
Ар дайым чыга кеткин дейт,
Тоодогу булбул тил безеп,
Токтогун, уга кеткин дейт.
Токтогул сунуп комузун,
Толкутуп күүнү черткин дейт.

Алдыман чыгып бөбөктөр,
Агатай аман баргын дейт

Энелер айтып алкышын,
Эңишке сени салдым дейт,
Кулдукка бизди калтырбай
Куткарбай жоону сайгын дейт.

Башымды өйдө көтөрүп,
Бакайды таппайм издесем,
Алдымда буудан токулуу,
Алыска сапар жол кетем,
Өңүмдө көргөн иш экен
Үргүлөп жатып түш десем.

ЖЕДИГЕР СААЛАЙ

 

Мен – кыргызмын, ошонума мактанам,

“Эмне?..” — десе, «Жөн эле…» деп актанам,

Момундугум, айкөлдүгүм жактырып,

Теңир өзү коргоп бизди сактаган,

 

Тереңдиги, кенендиги пейлинин

Тээ илгертен аңыз болгон элимин.

Таш менен да, муш менен да урганды

Ашын тартып, сыйлайт биздей деги ким!?

 

Элдер болот, ниети бузук кээсинде,

Эч кириң жок, сенин пейил-ниетиңде.

Мен да кыргыз, сен да кыргыз, бил кыргыз,

Келечегиң — сенин касиетиңде!

Мына ушуну унутпагын, эй кыргыз,

Ойгон кыргыз, сүңгү касиетиңе!

 

Байыркымын жана дагы жапжашмын,

Бабалардан калган тилек, максатмын.

Бата менен илгертеден көгөрүп,

Баатырларды канча жоого атказдым!

 

Кыргыз изин тапса болот капкайдан,

Кытайдан да, же тээ Саян, Алтайдан.

«Саймалуу таш» сайрап турат тили жок,

Кыргыз жолун, эл тарыхын кашкайган.

 

Учурунда жылдыз болуп жанганмын,

Узун элдин учуна да барганмын.

Кыргын салып, душманды бүт талкалап,

Кыска элдин кыйырында даң салганмын.

 

Тукум курут кылам деген көп чыккан,

Тууганымдан, өзөктөн да өрт чыккан,

Бир туугандар бир-бирине кол салып,

Нечен ирет баш айрылып, көз чыккан.

 

Түңүлүштү, түгөнсөм да түтөдүм,

Түрткөн сайын, чапкан сайын күчөдүм.

Көз жетпеген мейкиндерде, тоолордо,

Калды сөөгүм, кылыч, найзам, түпөгүм.

 

Кабарың бар, Алп Сол Тапу, Барсбектен,

Эркиндик деп нечен эрден баш кеткен.

Журт болгуча жыйып элди курама,

Жоо бетинде нечен шерлер жаш кеткен.

 

Эстегенде муун-жүүнүм зыркырап,

Эчен жерде балбал болуп буркурап,

Элестери шейит кеткен эрлердин

Эл деп дале тилейт бизге ынтымак.

 

Мезгил менен дарт айыгып, жуулуп,

Мекеним — деп, улам кайра туулуп.

Ала-тоодо кенен жайып олтурам,

Ак боз үйдүн керегесин, уугун.

 

Ар буюму тегин эмес негедир,

Башка элде жаралбаган деле бир.

Ак калпагы, кемер куру, кыргыздын

Ак боз үйү эмне деген шедевр.

 

Бир мыгы жок, жыгач, көк, чий, кийизден,

Боз үй баркын элим жакшы билишкен.

Бир жак чети «жердин түбү желпиниш…»

Бабаларым бардык жерде тигишкен.

 

Боз үйүнө сыйган аалам, жылдыз да,

Бар мүнөзү башкаларга бир нуска,

Элди бөлгөн, жерди бөлгөн чек ара

Болгон эмес боз үй менен кыргызда.

 

Кыргыз жашап табияттын койнунда,

Көпкө конуп олтурбаган ордунда.

Ала-Тоону мекендеген ак боз үй,

Көчкөн нечен талаа-түздө, ойдуңда.

 

Ал күндөр бүт айланышкан жомокко.

Акыркысын сыйга тарткан конокко,

Ала-Тоодой пейили баарын таңданткан,

Айкөлдүгүң элим, асты жоготпо!

 

Кураманы жыйып, курап журт кылган,

Кулаалыны таптап-баптап куш кылган.

Улуу Манас куруп берип улуу журт,

Урпактарын ушул күнгө туш кылган.

 

Жоодон коргоп, жайган кыргыз канатын,

Жомок болуп калды жашап Манасың.

Жортуулу жок, компьютердик заманда

Жогорулап эл катары барасың.

 

Кыргыз куту — бул кыргыздын өнөрү,

Төкмөлүгү, манасчылык, бөлөгү…

Үч кыл комуз — бүтүндөй бир оркестр,

Өнөр менен кыргыз өргө жөнөдү.

 

Үч кыл комуз ыйлап, сыздап, буркурап,

Жамакчы акын, жомокчу акын ыр курап,

Күпүлдөтүп күн-түн айтам Манасты,

Манасымда түбөлүктүү сыр турат.

 

О, кыргызым, «эрдигиң бар, эсиң жок,

Элдигиң бар, «эчтемеден ишиң жок.»

Эчен сыноо өтүп турат башыңдан,

Эзелкидей Манас болор кишиң жок.

 

Боло келген тууганың бар» душман бар

Тууган туруп, туш-тушуңдан кыскан бар.

Азыр да бар Абыкелер, Көбөштөр,

Эл ичинде элге каршы чыккан бар.

 

«Кой аксагы менен миң» — дейт чынында,

Мен — кыргызмын, кыйын болом кыйынга,

Ийилгенге ийилемин, сыйлаймын,

Абийиримди алмаштырбайм тыйынга,

 

Досум үчүн ашым даяр берерге,

Эркиндик — деп, кез келбедим нелерге,

Эркиндикти издеп улуу үркүндө,

Көмүлбөгөн сөөгүм сыздайт беделде.

 

Азаттык — деп кайра тартпай өлүштөн,

Азап тартып, деп бабалар кан төгүшкөн.

Азаттыгың мына, элим, кут болсун,

Ала-Тоодо эркин учат көгүчкөн.

 

Мен — булутмун, тоо аралай чубаган,

Мен — улутмун, Манас атам кураган.

Мен — жылдызмын, өз орду бар асманда,

Мен — кыргызмын, баба көчүн улаган.

 

Кыргыз көчү — кылымдардан өткөн көч,

Кыйыр кезип, ушул күнгө жеткен кез,

Кыргыз эми башкаларга тең ата

Кылымдардын маселесин чечкен кез. |

 

Бабам бүгүн аска болуп, сес берип,

Ала-Тоодо арча болуп сеңселип,

Астыртадан колдойт, коргойт урпагын,

Өткөн-кеткен, келер жолун эскерип.

 

Тенир берип эгемендик сыйлыгын,

Менин бүгүн ашып турат сыймыгым.

Ошентсе да карап, баалап тургансыйт,

Манас атам менин ар бир кыймылым.

 

Тойго баргам мындан жаман кезимде,

Тоолук кыргыз кыйналган күн эсимде,

Түркөй түктү сүйбөйт эми бул заман,

Түйшөл кыргыз, түркөй болбо, эсирбе!

 

Ала-Тоосу, төрт түлүгү турса бу,

Ачпаш керек кыргыз элдин курсагы.

Жакыр болуп жашоого сен акың жок,

Бар бол, бай бол, Манас ата урпагы!

 

Билимдүү бол, илимдүү бол, алдырба,

Бабаң Манас, атка камчы салдырба!

Урпактарың улап кетчү иштер көп,

Улуу-улуу максаттар бар алдыда.

 

Байыркы калк, байманалуу жолдосуң,

Жолуң шыдыр, Кыдыр болуп жолдошуң,

Ынтымагың ыдырабай эч качан,

Бабалардын арбагы бүт колдосун!

Көздөгөндүн бардыгына жете көр,

Көкө Теңир, улуу Манас колдосун!

 

…Мен — кыргызмын, ошонума мактанам,

«Эмне?..» — десе, «жөн эле…» — деп актам.

Момундугум, айкөлдүгүм жактырып,

Теңир өзү коргоп, бизди сактаган.

 

Тереңдиги, кенендиги пейилинин,

Тээ илгертен аңыз болгон элимдин,

Таш менен да, муш менен да урганды

Ашын берип, сыйлайт биздей деги ким!?

 

Элдер болот, ниети бузук кээсинде,

Эч кириң жок, сенин пейил-ниетиңде.

Мен да кыргыз, сен да кыргыз, бил кыргыз,

Келечегиң — сенин касиетиңде!

Мына ушуну унутпагын, эй кыргыз,

Ойгон кыргыз, сүңгү касиетиңе!

Мындай эрдик келбес Эрдин колунан,

Кыз Сайкалдын иши чыкса оңунан.

Манас өлмөк. Канча жоону чапса да,

Кыз Сайкалдай чыккан эмес жолунан.

читать далее

Содержи

Буркулдайсың көбүк чачкан буурадай

Азоосуңбу жанына жан жолотпос?

Ач, койнуңду толкунунда толкуюн

Амур дайра, сары дайра мага окшош!

Гүлгө бөлөп Түркестандын талаасын

Күндүр-түндүр тыным албай агасың.

Кууш жерден кууп кирген бүркүттөй

Жайык жерден канатыңды жаясың.

Заманында Аккуласын алкынтып

Жиреп өтүп сендей нечен дайрадан,

Манас баатыр күйөө болуп Букарга

Каныкейге өмүр жолун арнаган.

Мүмкүн Манас сенден дагы кечкендир

Дайра экенсиң тоо болсо да акчудай.

Ал кездеги тулпарлардын чоңдугу ай!

Ал кездеги баатырлардын алптыгы ай!

Менмин ошол алп Манастын тукуму

Ташкындарды, тайфундарды тоготпос.

Ач, койнуңду, Аккуладай жирейин

Аму дайра, сары дайра мага окшош!

мое спойлера

Кайран энем Каныкейдей иреңиң

Айчүрөктөй асыл окшойт жүрөгүң.

Же Үргөнчтөн, же Букардан болсоң да

Ал экөөнө сиңди экениң билемин.

Укчу сулуу, укчу менин кудачам,

Баштап берем байыркыдан сурасаң.

Жездең болот Манас менен Семетей

Бирөө агам, бирөө минин улуу атам.

Айчүрөктүн жолун жолдоп сен дагы

Алыс жерге чыксаң боло турмушка.

Эки кандан эр төрөлсүн эл сүйгөн

Даа бир Сейтек керек чыгар кыргызга.

Орой айтсам кечир мени, кудачам,

Баштап берем байыркыдан сурасаң.

Менден баатыр, менден орой, көк болгон

Эжеңди алган Манас менин улуу атам.

Кааласаң жүр, бийик жерде мекеним

Абалтадан Айга, Күнгө кошуна.

Жигиттер көп тоңо турган суугуңа…

Жигиттер көп күйө турган отуңа…

Кайрылбайт өтсө жалын жаш,

Кааладым сени карындаш.

Калтырбай мени өкүттө,

Каныкей болуп багымды ач.

 

Айланбайт өтсө жалын жаш,

Ашыкмын сага карындаш.

Арманда мени калтырбай,

Айчүрөк болуп багымды ач.

 

Ойлонсоң мени карындаш,

От болуп бирге жалындаш.

Оңой иш бекен мен үчүн,

Өзүңдү эстеп саруулаш.Жылдызы сен дейм сүйүүмдүн,

Жыттуусу сен дейм гүлүмдүн.

Жыйылсын ырыс, ынтымак

Жыргалы болчу үйүмдүн.

БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ

Талас десем, Манас түшөт оюма,

Манас десем, Талас түшөт оюма,

Тууган жерим, туу көтөргөн алп атам

Кажыбаган кайрат берет боюма.

 

Кыргыз десем, Чыңгыз келет эсиме,

Чыңгыз десем, кыргыз келет эсиме.

Кыргызым деп, Чыңгызым деп эргисем,

Кубангандан жаш кылгырат көзүмө.

 

Бабам Манас бардык жерде даңкталып,

Аккуласы аалам жарып өтсө экен!

Агам Чыңгыз бардык элде баркталып,

Алп таланты өскөн сайын өссө экен!

 

Азыр Чыкем алтымышта курагы,

Аман жүрсүн Ата-Журттун туягы!

Жазганы элдик. Өзү билсин жаш жагын —

Сексен, токсон же жүзүнө чыгабы.

 

Чындыгында Чыңгыз талант… Чыңгыз да,

Чыгармасы чыгып жетти жылдызга!

Каалаганда кайда барса өз эрки,

Бешиги бар, өз үйү бар кыргызда.

БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ

…Сан күндөр айткан “Манасты”

Саякбай залкар манасчы,

Гомери дешип кыргыздын,

Көп элдер ага карашчу,

 

Казына, байлык, кен эле,

Кандай сөз айтса жарашчу.

Обдулуп “Манас” айтканда,

Океан эле, киши эмес,

Тайтору атты чапканда,

Тартылчу көзгө жүз элес.

Татар да ыйлап жиберчү,

Так ошол жерде биз эмес…

Сакеме менден салам де,

Саламат бекен абам де…

Чөмүлтүп мөңгү, ак карга

Чокусун созгон асманга.

Ой-өтөк, түзү жаз, жайда

Оронгон жашыл макмалга.

 

Илбирси ыргып корумдан

Барчыны көктөн бой урган.

Капталдан дүргүп аркары

Калтары качкан коңулдан.

 

Кадимки куут болордо

Карашып үркөр Айды улам,

Кулжасы кумга тил жанып

Текеси тентип каңгыган.

 

Найзадай типтик зоолору

Башында булут булаган.

Бал кымыз сымак түбүнөн

Наристе суулар чураган.

 

Ар барган сайын Таласка

Ал жакка көңүл бөлүнөт.

Эмчекке окшош эгиз тоо

Эне, атам окшоп көрүнөт.

 

Эченди баштан өткөрүп

Эсепсиз жашка барган тоо.

Барыбыз үчүн кымбаты

Манастын изи калган тоо.

Саякбай Каралаевге

 

Байыркы Гректин Номерин

Көрбөдүк, китептен окудук.

Азыркы кыргыздын Номерин

Көп көрдүк, жүрөбүз кошулуп.

 

Билбеске сыртынан караса

Бир жүргөн чүкөдөй карыя.

Билгенге бүт элди тамшанткан

Жомоктон жаралган дарыя.

 

Кээде мен таңгалам өзүмчө.

Бул адам адамбы башкабы?

Канткенде сыйды экен башына

«Манастын» миллион саптары?

 

Дарт келсе өмүргө айыкпас

Табарбыз сакайтар дарыны.

Бирок биз таппайбыз жоготсок

Сакемдей океан карыны.

 

Кайран чал, арыды, карыды.

Өчпөсүн сөзүнүн жалыны!

Жашасын кыргыздын Номери!

Жашасын типтирүү тарыхы!