Академия манас

 «МАНАС» УЛУТТУК АКАДЕМИЯСЫ мамлекеттик мекемеси

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 31-январындагы ПЖ № 18 «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык түзүлгөн. Аталган Жарлыкка ылайык, 2019-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 275 «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» Токтому чыгып, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси жөнүндө Жобо» бекитилген. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы ПЖ № 330 «Манас» эпосунун үчилтигин жана Ч.Т. Айтматовдун чыгармачылык мурасын ар тараптан иликтөө жана изилдөө үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы менен «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси «Манас» улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси деп кайра өзгөртүлүп түзүлгөн. Жогорудагы Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 Токтому менен «Манас» улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин жаңы Жобосу бекитилген.

«МАНАС» УЛУТТУК АКАДЕМИЯСЫНЫН ТҮЗҮМҮ:

АДМИНИСТРАЦИЯ

ОКУМУШТУУЛАР
КЕҢЕШИ

КОНСУЛЬТАТИВДИК
КЕҢЕШ

«ЭПОСТАНУУ»
ИЛИМИЙ
ИЗИЛДӨӨ
БОРБОРУ

КОММУНИКАЦИЯ
ЖАНА
ЭЛ АРАЛЫК
БАЙЛАНЫШТАР
БӨЛҮМҮ

АКАДЕМИЯНЫН НЕГИЗГИ ОЗУЙПАСЫ

«Манас» үчилтигинде жана кыргыз элинин кенже эпосторунда камтылган руханий-философиялык жана адеп-ахлактык-этикалык баалуулуктарды сактоо, илимий изилдөө, кеңири жайылтуу жана өсүп келе жаткан муунга өткөрүп берүү.

НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИ

  • материалдык эмес маданий мурастарды чогултуу, сактоо, санариптештирүү, кодификациялоо жана жарыялоо

  • эл аралык жана республикалык стипендиялык программаларды иштетүү

  • республикалык, эл аралык илимий конференцияларды өткөрүү

  • республикалык, эл аралык форумдарды өткөрүү

  • республикалык, эл аралык сынактарды өткөрүү

  • көргөзмө долбоорлорду жүргүзүү

  • туристтик долбоорлорду жүргүзүү

  • креативдүү долбоорлорду жүргүзүү

  • мультимедиялык долбоорлорду жүргүзүү

  • илимий-изилдөө жана окуу-методикалык долбоорлорду жүргүзүү

  • илимий, илимий-популярдуу, мезгилдүү, маалыматтык басылмаларды жарыкка чыгаруу

  • илимий-талаа экспедицияларын жүргүзүү

  • айтуучулардын туруктуу дүйнөлүк форумун өткөрүү

  • эпостаануучулардын туруктуу дүйнөлүк форумун өткөрүү

  • чет өлкөлүк уюмдар, илимий-изилдөө, билим берүү жана маданий мекемелер менен кызматташуу

«ЭПОСТААНУУ» ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУ

АДМИНИСТРАЦИЯНЫН НЕГИЗГИ БӨЛҮМҮ 2023-ЖЫЛДЫН 1-ИЮЛУНДА ТҮЗҮЛГӨН

БОРБОРДУН ТҮЗҮМҮ:

  • «Манас» улуттук академиясынын Махатма Ганди атындагы илимий китепканасы
  • «Кол жазмалар, фонотека жана сейрек кездешүүчү, баалуу басмалар» фондусу
  • Текстология жана семиотика сектору
  • Эпостаануунун жаңы методдору жана азыркы теория сектору
  • Айтуучулук өнөрдү илимий изилдөө жана интеграция сектору

БОРБОРДУН ОЗУЙПАЛАРЫ:

  • котормо
  • «Манас» эпосу жана анын башка бөлүктөрүн, кенже эпосторго байланыштуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү
  • материалдык эмес маданий мурастарды, кол жазмаларды топтоо
  • илимий-талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү
  • илимий конференцияларга катышуу
  • илимий конференцияларды өткөрүү
  • «Ачык лекциялар сериясы» боюнча иш алып баруу
  • манастаануу багытында окуу курсун өтүү

КОЛ ЖАЗМАЛАР, ФОНОТЕКА ЖАНА СЕЙРЕК КЕЗДЕШҮҮЧҮ, БААЛУУ БАСМАЛАР ФОНДУ

2022-ЖЫЛДЫН 10-ИЮЛЬ KYHY РАСМИЙ ТҮЗҮЛГӨН

  • Белгисиз манасчынын вариантындагы «Манас» эпосунун араб арибиндеги, 126 бет көлөмүндөгү кол жазмасы

  • Манасчы Алмабек Тойчубековдун вариантындагы «Манас» эпосунун айрым эпизоддорунун кол жазмалары

  • Манастаануучу Эсеналы Абдылдаевдин жарыкка чыга элек материалдарынын кол жазмалары

  • Манасчы Шаабай Азизовдун вариантындагы «Семетей» эпосунун кол жазмасы ж.б.

 

КОММУНИКАЦИЯ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР БӨЛҮМҮ

2022-ЖЫЛДЫН 10-ЯНВАРЬ КҮНҮ ТҮЗҮЛГӨН.

БӨЛҮМДҮН TY3YMY:

  • Эл аралык байланыштар

  • Коммуникация

  • Студия

 

ОЗУЙПАЛАРЫ:

  • Академиянын сайтын иштетүү

  • социалдык тармактар менен иш алып баруу

  • аудио-видео жаздыруулар

  • фотоматериалдар менен иш алып баруу

  • маалыматтык ресурстар менен иштөө

  • мультимедиялык, чыгармачылык долбоорлорду даярдоо

  • маданияттын жана искусствонун ар кандай түрү менен жанрындагы Академиянын ишмердүүлүгүнө тиешелүү көркөм чыгармаларды топтоо, жарыялоо