Академия манас
      2024-жылдын 5-мартында «Манас улуттук академиясынын» президенти Т.А. Бакчиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, полковник А.Э. Орозакунов менен жолугуп эки тараптын ортосундагы мындан ары дагы кызматташуусу жөнүндө макулдашылды.
       Жолугушуунун алкагында «Эр Табылды» эпосунун түзүмүнө аскер, курал – жарак темасында жакындан көмөк көрсөткөндүгү үчүн А.Э. Орозакуновго ыраазычылык билдирилип, ошондой эле кызматташуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атынан «Манас» академиясынын кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. «Эпостаануу» илимий изилдөө борборунун жетекчиси Ж.М. Орозалиева Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Колдоо көрсөткөндүгү үчүн» медалы жана «Текстология жана семиотика» секторунун башчысы Д.Р. Разилова  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Ардак грамотасы» менен сыйланышты.