Академия манас
       2024-жылдын 25-апрелинде “Манас” улуттук академиясында Кытай Эл Республикасынан философия илимдеринин доктору, Кытай Коомдук илимдер академиясынын Этникалык адабият институтунун профессору Адыл Жуматурду жана филология илимдеринин кандидаты, профессор Токтобүбү Ысак кызы, Шиань чет тилдер университетинин профессору, PhD доктор, манастаануучу Ляң Жынхуэй, Ланжоу университетинин мугалими, манастаануучу PhD доктор, Лю Хуэййиң, PhD доктор, Кытай коомдук илимдер академиясынын постдоктору, манастаануучу Дабыт Абдылбары уулу, Хаңжоу университетинин магистранты Перизат Адыл, Ал-Фараби атындагы КазУУнун докторанты Өмүржан Сейсенбай менен жолугушуу болду.
      Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын манастаануу багытында кызматташууну чыңдоого, ошондой эле салттуу маданияттарды өз ара сактоого жана “Манас” эпосун кеңири жайылтууга кошкон салымы үчүн профессор Адыл Жуматурдуга “Манас” улуттук академиясынын “Ардактуу академиги” төш белгисин академиянын президенти Т.А. Бакчиев тапшырды.

       Адыл Жуматурду Кытайда “Манас” эпосун изилдөөгө жана жайылтууга зор салым кошуп келет. Жолугушуунун жүрүшүндө академия тарабынан жарык көргөн илимий китептер жана “Эпос” эл аралык илимий журналынын бардык сандары тапшырылды.