2024-жылдын 2-февралында “Манас” улуттук академиясында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун “Кыргыз элинин баа жеткис мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) жана кыргыз элинин материалдык эмес маданий баалуулуктарын ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, залкар манасчылар Саякбай Каралаевдин 130, Кааба Атабековдун 100, Уркаш Мамбеталиевдин 90, Сапарбек Касмамбетовдун 90 жылдыгына арналган “Манасчылык – өнөрлөрдүн төрөсү” аттуу “Манас” улуттук академиясынын бир жылга мерчемделген иш- чараларынын бет ачары болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргызстандын ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы ѳкүлү Канат Мамбеталиев жана манасчылардын үй-бүлө мүчөлөрү, урпактары катышып, бүгүнкү күндүн манасчылары Кубанычбек Алмабеков, Талантаалы Бакчиев, Асанаалы Калил уулу ж.б. манасчылардын “Манас” айтуусу менен коштолду.