2024-жылдын 12-апрелинде “Манас” улуттук академиясынын президенти Талантаалы Бакчиев Борбордук Азиядагы Америка Университетинде Улуу Британиянын доктору Жеймс Пламтри жана Кыргызстандык педагогика илимдеринин кандидаты Нургул Карыбекованын “Манас” эпосуна тиешелүү изилдөөлөргө жаңыча илимий сереп” аттуу кыргыз тилине которулуп, санариптик доорго ылайык болгон илимий китептин бет ачарына катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү. Эскерте кетсек, бул китепте филология илимдеринин доктору, манасчы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талантаалы Бакчиевдин жана белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыковдун вариантындагы өзгөчөлүктөр жана сөз жыштыктары салыштырылып берилген.
Иш-чаранын жүрүшүндө Талантаалы Бакчиев Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти, профессор Тимоти Эдвард О’Коннэр менен “Манас” улуттук академиясынынортосундагы кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү.