Академия манас
Бүгүн, 13-июнда «Манас» улуттук академиясында окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты, «Манас» эпосун изилдөөчү Эсеналы Абдылдаевдин илимий материалдары камтылган китептин бет ачары болуп өттү.
Бул иш-чара президенттин 2022-жылдын 22-апрелиндеги №126 «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, ”Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгынын негизинде уюштурулду.
«Эсеналы Абдылдаевдин илимий эмгектери» аттуу китепке окумуштуунун ар кайсы жылдарда жарыяланган «Манас» эпосуна байланыштуу илимий макалалары жана ал түзгөн сөздүккө кирбей калган сөздөрдүн түшүндүрмөлөрү киргизилди. Китепти даярдоодо «Манас» улуттук академиясынын Кол жазмалар, фонотека жана сейрек кездешүүчү баалуу басылмалар фондусунда сакталып турган Эсеналы Абдылдаевдин кол жазмалары, архивдик маалыматтары пайдаланылды.
Китептин бет ачарына автордун үй-бүлөсү, мамлекеттик кызматкерлер, адабиятчылар, лингвисттер, этнографтар, окумуштуулар, педагогдор жана белгилүү ишмерлер катышышты.
Эсеналы Абдылдаев (1932-2003) — белгилүү фольклорист, манас таануучу, филология илимдеринин кандидаты (1967).
Пржевальск мугалимдер институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн (1951).
1951-1955-жж Ысык-Көл районундагы мектептерде физика-математика мугалими болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз тили жана адабияты факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн 1960-жылдан тарта Кыргыз ССРнын Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтундагы «Манас» секторунда кенже илимий кызматкер, улук илимий кызматкер жана жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштеген. «Манас» эпосунун эволюциялык өнүгүшү жөнүндө» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон (1967). «Манас» эпосунун алтайлыктардын баатырдык поэмалары менен болгон эпикалык катышы» (1966), «Манас» эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары» (1981), «Кыргыз фольклорунун тарыхынан» (1983), ««Манас» эпосунун историзми» (1987), «Манас» эпосунун эпикалык формулалары» (1991) аттуу монографиялык эмгектерди жараткан. Мындан башка да «Манас» эпосу жана кыргыз фольклористикасы боюнча бир кыйла илимий жана илимий-популярдуу макалаларды жазган. Ал манасчы Мамбет Чокмор уулунан «Манас» жазып алууга катышкан. Москвада орус тилинде жарык көргөн төрт томдуктун төртүнчү томунун «Чоң казат» эпизодун түзгөн. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча айтылган «Семетей» эпосун басып чыгарууга даярдоого катышкан (1989). Ошондой эле Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» эпосунун 4-китебинин «Чоң казат» эпизодун даярдаган (1982).