Академия манас

САЯКБАЙ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ

Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын жетекчиликке алып, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 2024-жылдын 20-май күнү Саякбай Каралаевдин (1894-1971) өмүр чыгармачылыгы боюнча архивдик фото – сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Бардыгы 77 фото-сүрөт коюлду. Көргөзмө 1 жумага коюлду.