Академия манас
МЕЗГИЛИНДЕ БААЛАНБАГАН МАНАСТААНУУЧУНУН МУРАСЫ
Манас улуу — кыргыз элдин желеги.
Ата-мурас, акыл, ойдун тереңи.
Түбөлүккө ташка тамга баскандай
Кыргыз элдин адамзатка белеги.“` `(А.Жакыпбеков)`
“Манас” улуттук академиясы тарабынан белгилүү окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты, “Манас” эпосунун сөздүгүн түзүүчү, өмүр бою эпосту тарыхый, философиялык, географиялык, фольклордук жаатта изилдеп жүрүп өткөн окумуштуу Эсеналы Абдылдаевдин жаңы китеби жарык көрдү.
“Эсеналы Абдылдаевдин илимий эмгектери” аттуу бул жыйнагына “Манас” улуттук академиясынын “Кол жазмалар, фонотека жана сейрек кездешүүчү баалуу басылмалар” фондусунда сакталып турган кол жазмаларын, архивдик маалыматтарын пайдалануу менен окумуштуунун ар кайсы жылдардагы мезгилдүү басма сөз беттерине жарыяланган “Манас” эпосуна байланыштуу илимий макалалары жана “Манастын” 1000 жылдыгына карата 1995-жылы жарык көргөн “Манас” эпосунун сөздүгүнө убагында кирбей калган сөздөрдүн түшүндүрмөлөрү киргизилди.
Аталган китептин бет ачары 2024-жылдын 13-июнунда саат 12.00дө “Манас” улуттук академиясынын “Манас” залында өткөрүлөт. Дареги: Раззаков көчөсү-8/1