Академия манас
      “Манас” улуттук академиясы тарабынан белгилүү окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты, “Манас” эпосун изилдөөчү Эсеналы Абдылдаевдин (1932-2003) жыйнагы жарык көрдү. Бул жыйнакка окумуштуунун ар кайсы жылдардагы мезгилдүү басма сөз беттерине жарыяланган “Манас” эпосуна байланыштуу илимий макалалары жана ал түзгөн сөздүгүнө убагында кирбей калган сөздөрдүн түшүндүрмөлөрү киргизилди.
      Бул эмгекке “Манас” улуттук академиясынын Кол жазмалар, фонотека жана сейрек кездешүүчү баалуу басылмалар фондусунда сакталып турган Эсеналы Абдылдаевдин кол жазмалары, архивдик маалыматтары пайдаланылды.