“Манас” эпосу – ачып бүткүс кенч, кыргыз элинин руханий өзөгү, улуттук уңгубуз жана көөнөрбөс көрөңгөбүз! “Манастаануу” мектептерде, ЖОЖдордо ББМдин стандартынын негизинде жарыбаган сааттык өлчөм менен окутулуп келет. Ушул жана башка көйгөйлөрдү эске алуу менен “Манастаануу” предмети боюнча сабак берген мугалимдерге, окутуучуларга өз алдынча кызыккан жаш окумуштуу илимпоздорго билим деңгээлин жогорулатуу максатында “Манас” улуттук академиясы 5 жыл ичинде жалаң “Манас” эпосун изилдөө тармагы менен биргеликте улуу жана кенже эпосторду, материалдык эмес маданий мурастарды басып чыгаруу, жайылтуу менен гана чектелбестен мындан ары “Манас” эпосун философиялык, антропологиялык, маданият таануучулук, адабий, лингвистикалык жана табигый илимдер багыты боюнча окутуу үчүн КРдин Билим берүү жана илим министирлигинин лицензиясын (уруксаат баракчасын) алды.