2024-жылдын 27-январында “Манас” улуттук академиясында Талантаалы Бакчиев менен JIAC инвестициялык консультативдик кеңешинин аткаруучу директору Рене Канаяма мырзанын ортосунда жолугушуу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз эпосторун кеңири изилдөө жана жайылтуу, “Манас” улуттук академиясына инвестиция тартуу жана кызматташуу боюнча айрым маселелер сүйлөшүлдү.