Академия манас
“Манас” улуттук академиясында бүгүн сүрөтчү Темирбек Аликов менен чыгармачыл баарлашуу болуп өттү.
 
Сүрөтчу жөнүндө кыскача маалымат:
 
    Темирбек Аликов 1952-жылы 15-декабрда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Бай-Көнчөк айылында туулган. Сүрөтчү, мугалим. Кыргызстандагы бир нече жогорку окуу жайларында сүрөт тартуу боюнча окутуучу адис болуп эмгектенген.
В.И.Ленин атындагы Москва мамлекеттик педагогикалык институтунун “көркөм графикалык сүрөт” факультетин аяктаган.
Сүрөтчүлүк, кол өнөрчүлүк менен алектенет. Азыркы тапта ардагер мугалим. Акыркы учурда “Манас” темасына кайрылып, бир нече эмгектерди жаратты.
 
Төмөндө сүрөтчүнүн гуашь менен Манаска арналган автордук сүрөттөрүнүн топтому:
 
1. “Манасчынын түшү”
2. “Манасчы”
3. “Көкөтөйдүн ашы. Кошой менен Жолойдун күрөшү”
4. “Чубак менен Алмамбеттин чатагы”
5. “Каныкейдин Тайторуну байгеге кошкону”