Бүгүн “ЖЭНЬМИНЬ ЖИБАО” аттуу Кытай Эл Республикасынын Бээжин шаарында жайгашкан, 752 миң жазылуучусу бар, дүйнөдө чоң кадыр-баркка ээ мамлекеттик маалымат агенттигинин чыгармачыл тобу Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн “Улуу жибек жолунун кайра жаралуусу” аттуу атайын мамлекеттик долбоорун турмушка ашыруу максатында “Манас” улуттук академиясына келип, мекеменин ишмердүүлүгү жана “Манас” эпосун сактоодо, жайылтууда аткарылып жаткан иштери боюнча Кыргыз Республикасынын саясаты тууралуу кеңири интервью алышты. Ошондой эле “Манас” улуттук академиясынын президенти Т.А. Бакчиев кытай журналистери менен болгон жолугшууда “Манас” эпосун изилдөөдө эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыш жана кызматташтык тууралуу да маалымат берди.