Академия манас
      27-февралда “Манас” улуттук академиясына Кыргыз Республикасындагы Түркмөнстан Элчилигинин атташеси Бахар Бердиева, Түркмөнстан Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтундагы Кол жазмалар фондусунун башчысы Чары Кулиев, “Түркмөнфильм” киностудиясынын өкүлү Палван Гелдиев, “Алтын асыр” мамлекеттик коомдук-саясий телеканалынын өкүлү Новруз Гуйджов, Түркмөн драма театрынын өкүлү Довлетмурад Ханмаммедов келип, кыргыз адабиятындагы түркмөн элинин залкар акыны Махтумкули Фрагинин жана кыргыз адабиятынын анын ичинде “Манас” эпосунун түркмөн адабиятындагы орду тууралуу академиянын президенти Т.А. Бакчиев менен пикир алышып, Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналып ТҮРКСОЙ үчүн даярдалып жаткан телетасмага мекеменин жетекчиси интервью берди.