Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 22-апрелиндеги №126 “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2027-жылдарга карата иш планын аткаруу максатында, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана залкар манасчылар Саякбай Каралаевдин 130, Кааба Атабековдун 100, Сапарбек Касмамбетовдун 90, Уркаш Мамбеталиевдин 90 жылдыгына арналган “Манас” улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси жана Талас мамлекеттик университети биргелешип уюштурган “Манас эпосу: изилдөө жана окутуу – 2024” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция 2024-жылдын 29-апрелинде Талас мамлекеттик университетинде болуп өттү.
“Манас” улуттук академиясынын өкүлчүлүгүн Талас мамлекеттик университетинин ректору техн.и.д. Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович (филология илимдеринин кандидаты, доцент, ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, Талас мамлекеттик университетинин проректору – Жунусалиева Кундуз Тотоновна, ТалМУнун проректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент – Сурапов Анаркул Кудайбердиевич, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими – Бектур Исаков, т.и.к., доцент, гуманитардык факультетинин деканы – Абдиева Жылдызкан Канатбековна, ф.и.к., доцент, Кыргыз тили, адабияты кафедрасынын башчысы – Айталиева Толкун Кундузбековна, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, философия илимдеринин кандидаты – Үмөтов Эрмек Асанович) баштаган жамаат босогодон даам ооз тийгизүү менен тосуп алды. Аталган иш-чара ТалМУнун студенттеринин Манас айтуусу менен башталып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Кулушев Ы.Д., Талас шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Жээнбеков Р.Р., Кыргыз Эл мугалими Исаков Б. расмий бөлүктө сөз сүйлөшүп, илимий практикалык конференцияны ачып беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Бектур Исаков баштаган Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, фил.и.к. Үмөтов Э.А., ТалМУнун доценти, т.и.к. Абдиева Ж.К., ф.и.к., доцент Айталиева Т.К., ТалМУнун доценти, т.и.к. Усубалиева А.С., Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексинин илимий кызматкери Исаева Ч.К., ТалМУнун тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын магистранты, Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексинин илимий кызматкери Молдошев У., ТалМУнун тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын магистранты Бактыбек кызы Бегимай жана башкалар баяндамаларын жасашып, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана залкар манасчылар Саякбай Каралаевдин 130, Кааба Атабековдун 100, Сапарбек Касмамбетовдун 90, Уркаш Мамбеталиевдин 90 карата иштелип чыккан роликтер көрсөтүлдү.
ТалМУнун тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын магистранты, Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексинин илимий кызматкери Молдошев Уран шакирттери менен Манас айтып, ТалМУнун окутуучу-профессордук түзүмү жана стунденттери тарабынан даярдалган “Манас” гимни ырдалып, конференция ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгында, “Манас” эпосун ар тараптан изилдөө жана жайылтуу маселелерин камтыган резолюциянын долбоору окулуп, бир ооздон жактырылып, бекитилди.