Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 22-апрелиндеги №126 “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2027-жылдарга карата иш планын аткаруу максатында, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана залкар манасчылар Саякбай Каралаевдин 130, Кааба Атабековдун 100, Сапарбек Касмамбетовдун 90, Уркаш Мамбеталиевдин 90 жылдыгына арналган “Манас” улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси жана Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети биргелешип уюштурган “Манас эпосу: изилдөө жана окутуу – 2024” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция 2024-жылдын 23-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин конференциялар залында өткөрүлдү.
Конференцияга аталган аймактагы жогорку окуу жайларынын профессорлору, окутуучулук курамы жана студенттери катышты.
Иш-чараны Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору, техн. и. к. Куваков Сталбек Жеңишбекович ачып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн Ж. Осмонов каалоо-тилек айтып, конференциянын жүрүшүнө ийгилик каалады. Манасчылар Маатов Алимбай жана Сапаралиев Абдыманап “Манас” эпосунан үзүндү айтышты. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы, анын башатында турган белгилүү тарыхый инсандар жана “Манас” эпосунун баалуулугу, бүгүнкү күндөгү орду, С. Каралаевдин, К. Атабековдун, С. Касмамбетовдун, У. Мамбеталиевдин чыгармачылык-манасчылык бейнелери тууралуу роликтер көрсөтүлдү.
Конференциянын жүрүшүндө белгилүү окумуштуу-фольклористтер, лингвисттер, этнографтар жана тарыхчылар ф.и.д., проф. К.Б. Калчекеев, ф.и.д., проф. И.А. Абдувалиев, ф.и.д., проф. А.М. Эшиев, доц. м.а. А. Шерипбаев, Ч.Э. Акбарова, А.К. Калчекеевалар баяндама жасашты. “Манас” эпосун окутуу жана изилдөө жаатындагы көйгөйлөр ортого салынып, аны чечүүнүн перспективдүү жолдору айтылып, сунуштар берилип, алдыга максаттар коюлду.
Жыйынтыгында, “Манас” эпосун ар тараптан изилдөө жана жайылтуу маселелерин камтыган резолюциянын долбоору окулуп, п.и.д., проф. Т.Э. Уметовдун, филос.и.д. Г.С. Токоеванын “Манас” эпосун жайылтуу багытындагы креативдүү сунуштарынын негизинде оңдоолор, түзөтүүлөр киргизилди. “Манас” эпосун изилдөө жана пропагандалоо жаатында алдын ала эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин китепканаларына, “Манас” жана Ч. Айтматовдун мурастарын изилдөө жана жыйноо” илимий изилдөө борборуна “Манас” улуттук академиясы тарабынан чыгарылган эмгектер белекке берилди.