Академия манас
      Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 22-апрелиндеги №126 “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2027-жылдарга карата иш-планын аткаруу максатында, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана залкар манасчылар Саякбай Каралаевдин 130, Кааба Атабековдун 100, Сапарбек Касмамбетовдун 90, Уркаш Мамбеталиевдин 90 жылдыгына арналган “Манас” улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси жана Баткен мамлекеттик университети биргелешип уюштурган “Манас эпосу: изилдөө жана окутуу – 2024” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция 2024-жылдын 25-апрелинде Баткен мамлекеттик университетинин Чоӊ жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды.
      Ага чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исаков Жаныбек Маматович, Баткен шаарынын вице-мэри Орозов Акылбек Курбанбекович жана Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д. Гыязов Айдарбек Токторович болушуп, “Манас” улуттук академиясынан келген өкүлчүлүктү даам ооз тийгизүү (нан, сары май) жөрөлгөсү менен Баткен мамлекеттик университетинин босогосунан тосуп алышты.
      Андан кийин БатМУга караштуу Сүлүктү Кызыл-Кыя шаарларынан келген студенттердин “Манас” айтуусу уктурулуп, андан соӊ БатМУнун алдына атайы “Манас” улуттук академиясынан белекке берилген китептердин көргөзмөсү уюштурулду. Аллеяда манасчылар: С. Каралаевдин, К. Атабековдун, С. Касмамбетовдун, У. Мамбеталиевдин бейнелеринин галлереясынын презентациясы болду. БатМУ менен “Манас” улуттук академиясынын алдын ала сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен өз ара кызматташуу жана айрым долбоорлорду чогуу алып баруу тууралуу келишимге кол коюлду.
    “Манас” улуттук академиясынан акыркы чыгарылган китептери (“Эр Табылды”, Э. Абдылдаевдин илимий эмгектери”) БатМУнун китепканасына белекке берилди.
      Конференцияга аталган аймактагы жогорку окуу жайларынын профессорлору, окутуучулук курамы жана студенттери катышты.