Академия манас
      Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 22-апрелиндеги №126 “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2027-жылдарга карата иш планын аткаруу максатында, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана залкар манасчылар Саякбай Каралаевдин 130, Кааба Атабековдун 100, Сапарбек Касмамбетовдун 90, Уркаш Мамбеталиевдин 90 жылдыгына арналган “Манас” улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси жана Ош мамлекеттик университети биргелешип уюштурган “Манас” эпосу: изилдөө жана окутуу” аттуу илимий-практикалык конференция 2024-жылдын 22-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Чоӊ жыйындар залында өткөрүлдү.
     Конференцияга Ош облусунда жайгашкан жогорку окуу жайларынын профессордук окутуучулар курамы, ошондой эле “Манас” улуттук академиясынын илимий кызматкерлери катышышты. “Манас” эпосун окутуу жана изилдөө жаатындагы көйгөйлөр ортого салынып, аны чечүүнүн перспективдүү жолдору айтылып, сунуштар берилип, максаттар коюлду.
       “Манас” эпосун изилдөө жана пропагандалоо жаатында алдын ала эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.
      Ош мамлекеттик университетинин китепканасына “Манас” улуттук академиясынан жарыкка чыккан китептер жана “Эпос” илимий журналы белекке берилди.