Бүгүн, 2024-жылдын 4-июнунда «Манас» улуттук академиясынын президенти Бакчиев Талантаалы Алымбекович менен Өзбекстан Республикасынын курамындагы Суверендуу Каракалпакстан Республикасындагы Бердаха атындагы “Каракалпак адабиятынын тарыхы” мамлекеттик музейинин директору Пайзуллаева Шаригул Калхоразовна менен онлайн жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюуга багытталган өнөктөштүк мамилелерди жана тараптардын ортосундагы узак мөөнөттүү, натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.
Каракалпакстандын өкүлдөрү «Манас» эпосуна абдан кызыгаарын билдирип, аны менен бирге өз жарандарын баатырдык эпос менен тааныштыруу максатында эпосту каракалпак тилине которуу сунушталды.