“Манас ааламы – 2025” аттуу көркөм өнөр сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолун кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыктарын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата, бүгүн Кыргыз Республикасынын “Манас” улуттук академиясы жана Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу менен биргеликте “Манас ааламы – 2025” аттуу көркөм өнөр боюнча масштабдуу чыгармачыл сынактын жеңүүчүлөрүн акынтоо иш-чарасы болуп өттү.
Сынак живопись, скульптура, графика жана жасалма колдонмо өнөр тармактарын камтып, улуу “Манас” эпосунун идеяларын жана образдык дүйнөсүн көркөм искусство аркылуу чагылдырууга арналды. Бүгүнкү күнү сынакка келип түшкөн эмгектер каралып, мыктылары тандалып алынды.
Калыстар тобунун курамына өлкөнүн алдыңкы маданият жана искусство өкүлдөрү кирди:
– “Манас” улуттук академиясынын вице-президенти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Назира Аалы кызы,
– Академик Абдылдажан Акматалиев,
– Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Сапарбай Осмоналиев,
– Кыргыз Республикасынын эл артисти, манасчы Рысбай Исаков,
– КРУКСАнын ректору Айдар Усукеев,
– Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Ормон Идирисов,
– Искусство таануучу, маданият таануу илиминин кандидаты Венера Асылбекова,
– Искусство таануучу, графика боюнча эксперт Керез Акылбекова,
– Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген сүрөтчүсү Эшболот Токтогонов.
Сынактын жыйынтыгы эртең билинип, жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылат. Бул иш-чара “Манас” эпосунун түпкү наркын жаңыча түшүнүүгө өбөлгө түзүп, улуттук искусствону колдоого багытталган маанилүү демилгелердин бири катары бааланууда.