“Манас ааламы – 2025” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолун кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыктарын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата, бүгүн Кыргыз Республикасынын “Манас” улуттук академиясы жана Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу менен биргеликте “Манас ааламы – 2025” аттуу көркөм өнөр боюнча масштабдуу чыгармачыл сынактын жеңүүчүлөрүнүн эмгектери көргөзмөгө коюлду. Жалпысынан 200гө жакын эмгек келип түшкөн, алардын арасынан тандалып 150дөй эмгек көргөзмөгө коюлду.
Сынак живопись, скульптура, графика жана жасалма колдонмо өнөр тармактарын камтып, улуу “Манас” эпосунун идеяларын жана образдык дүйнөсүн көркөм искусство аркылуу чагылдырууга арналды.
Иш-чарага КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, эл сүрөтчүлөр, маданият ишмерлери, сынакка катышуучулар, студенттер жана шаар тургундары катышты.
Шаар тургундары бул көргөзмөнү 13-майга чейин келип көрсө болот. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 13-май күнү ыйгарылат. Бул иш-чара “Манас” эпосунун түпкү наркын жаңыча түшүнүүгө өбөлгө түзүп, улуттук искусствону колдоого багытталган маанилүү демилгелердин бири катары бааланууда.