“Манас” улуттук академиясы менен ТалМУ кызматташууга багыт алууда
“Манас” улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу Талас мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин доктору Жыргалбек Шаршембиев менен жолугушту.
Жолугушууда эки тарап билим берүү, илимий изилдөөлөр жана маданий долбоорлор боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ишенимдүү алакаларды түзүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелери каралды.
Бул жолугушуу келечектеги өз ара колдоого жана өнөктөштүккө негиз болору күтүлүүдө.

Similar Posts

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген